Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:43

АКШлык күчтөр Иракта кала берет


АКШлык күчтөр баш болгон аскерлерге каршы кол салууларга карабастан, Кошмо Штаттары Ирактагы күчтөрүн азайтпайт жана өлкөдөн чыгарып кетпейт деп билдирди президент Жорж Буш.
Буш Британияга болчу сапары алдында Би-би-си компаниясына берген интервьюда айтышынча, коалициялык күчтөргө чабуул жасагандар эркин дүйнөнү эркин майтарууну көздөшөт. Бирок, алар “менин же британ премьери Тони Блэрдин эркин майтара алышпайт” деди Буш.
Кошмо Штаттарынын коргоо министри Доналд Рамсфелд бүгүн Япониянын Окинава аралында жасаган билдирүүсүндө, Ирактын эгемендигин калыбына келтирүүнүн тездетилген планы-америкалык аскерлер Ирактан тез арада чыгып кетет дегенди түшүндүрбөйт деди.

XS
SM
MD
LG