Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Жакында Ф.Куловго боштондук талап кылган акциялар уюштурула турган болду


БИШКЕК. Кыргызстанда жакында «Феликс Куловго боштондук!» деген ураан менен акциялар өткөрүлүп, Ф. Куловдун сот ишине байланыштуу коомдук талкуулар болот. Кыргызстандагы бир катар укук коргоо уюмдары жана «Арнамыс» партиясы ушундай демилге көтөрүп жатышат. Бул жөнүндө бүгүн демилгечилердин бири, «Атуулдук коом коррупция каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова кабарлады. Ф.Куловдун сот ишине байланыштуу коомдук талкууларга анын адвокаттары, сот органдарынын, эл аралык уюмдардын, саясий партиялардын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана эксперттер катышат. Бул талкууларда «Ф. Кулов кандай себептер менен соттолгон, анын күнөөсү барбы же жокпу?» деген суроолор каралат. Куловго байланыштуу коомдук акциялар Бишкекте, Талас жана Чүй облустарында уюштурулмакчы.
Феликс Кулов «улуттук коопсуздук министри жана Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде бир катар мыйзам бузууларга жол берген» деген айып менен соттолуп, азыр түрмөдө отурат. Өлкөдөгү оппозициянын пикиринде, Ф.Куловдун соттолушунда саясий себептер бар. Ал эми бийлик өкүлдөрү болсо Ф. Куловдун эркинен ажыратылышы саясий мүнөзгө ээ эмес экендигин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG