Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Иракта күрт партиясынын кеңсеси жардырылды


Өлкөнүн түндүгүндөгү Киркук шаарында эки ири күрт партиясынын кеңселеринин жанындагы жардыруудан төрт киши набыт болуп, 40 чактысы жараат алды. Партиялардын бирин Ирактын АКШ бекиткен Өкмөттүк Кеңешинин учурдагы башчысы Жалал Талабани жетектейт.
Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарында Ассириялык Демократиялык Кыймыл партиясы өз өкүлүнүн өлтүрүлүп кеткени айтылган билдирүү жарыялады. Ал эми Багдаддан 100 чакырым аралыкта жайгашкан Рамади шаарында Американы колдогон жергиликтүү лидердин үйүнө жакын жерде машинага катылган бомба жарылды. Эки кишинин набыт болгону кабарланууда.

XS
SM
MD
LG