БИШКЕК. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине 20 жыгач үйдү жеткирип, бүгүн аларды Чүй облусунун Беловодск шаарчасында өткөрүп берди. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Болот Айдаралиевдин айтымында, ыкчам орнотулуучу бул үйлөр шашылыш жагдай түзүлгөн шартта пайдаланылат. Буга чейин ушундай эле 30 үйдү Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган үй-бүлөлөр үчүн Ош облусуна жеткирип берген.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов