Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

БҮГҮН ПРОКУРАТУРА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ


Сапар Орозбаков, Бишкек Бүгүн өлкөнүн прокуратура кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешет.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасынан алынган маалыматка караганда, буга байланыштуу саат 9да Борбордук аянтта Кыргызстандын туусу көтөрүлөт. Саат 10до Тарых музейинде президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жана башка жооптуу адамдар катышкан салтанаттуу жыйын болот.

- Биз өзүбүздүн кесиптик майрамыбызды жакшы маанай жана иштеги ийгиликтер менен тосуп жатабыз. 22-ноябрды быйыл үчүнчү жолу кесиптик майрам катары белгилейбиз. Биздин милдетибиз - мыйзамдардын так жана даана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү. Көрсөткүчүбүз жана таразабыз – эл, анын биз жөнүндө пикири. Элден азыраак арыз түшсө, «ишибиз жакшы экен» деп, кубанып калабыз. Көп арыз түшүп, элдин укугу тебеленип, эл биздин ишке нааразы болгон учурлар да жок эмес. Биз аны оңдоого аракет кылып, коомдо укуктун бекем сакталышынын үстүндө иш алып барып жатабыз, - деди башкы прокурордун биринчи орун басары Курмантай Абдиев.

Прокуратура органдары өлкөнүн бардык облустарында жана райондорунда бар. Анда бардыгы болуп 620 адам иштейт. Прокуратура өлкөдөгү президент ишенген укук коргоо органдарынын бири болуп эсептелет. Аскар Акаев ага маанилүү жана аткарылышы оор кызматтарды кошумча жүктөп келет. Президент прокуратураны коррупцияга каршы күрөш иштерин координациялоо, энергетика секторундагы карыздарды өндүрүү жана энергияны уурдоо менен күрөшүү боюнча иш алып барууга милдеттендирген.

Президент өзүнүн 20-ноябрдагы жардыгы менен прокуратуранын эки кызматкерине – аскер прокурору Кубат Кожоналиевге жана Чүй облусунун прокурору Кадыркул Бакировго «юстициянын генералы» деген наам ыйгарды. Бүгүнкү жыйында президент аны салтанаттуу тапшырат.

XS
SM
MD
LG