Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Ош облусунда электр энергиянын акысын күч органдары жыйноодо


ОШ. 21-октябрдан баштап Ош облустук ички иштер башкармалыгы электр энергиясын уурдоого жана электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөндөргө байланыштуу 73 фактынын бетин ачты. Аталган башкармалыктын экономикалык кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери маселен «Ак алтын» акционердик коомунан 1 млн. 150 миң сом, «Бектур 21 кылым» жоопкерчилиги чектелген коомунан 30 миң сом, «Даназык» акционердик коомунан 350 миң сом, Карасуу районундагы Сабай айылынын тургуну А. Шариповдон 23 миң 163 сом өндүргөн. Эгер Ош облусу электр энергиясы үчүн 50 млн. 719 миң сом карыз болсо, анын ичинен 6 млн. 153 миң сомду ушул облустук ички иштер башкармалыгы бир айдын ичинде өндүрүп берип отурат.

XS
SM
MD
LG