Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

“АЛ-АРАБИЯ” СЫНАЛГЫ КАНАЛЫНЫН ИРАКТАГЫ БӨЛҮМҮ ЖАБЫЛДЫ


Аманбек Дилденбай, Прага Ирактын убактылуу бийлиги арабдын “ал-Арабия” сыналгысынын Багдаддагы бөлүмүн жапты. Анын берүүлөрү коалициялык күчтөргө каршы жек көрүүлөрдү пайда кылууда, деген пикирде Ирактагы Башкаруу Кеңеши.

“Ал-Арабия” сыналгысынын Ирактагы бөлүмү убактылуу Башкаруу Кеңеши тарабынан жабылды. Бул тууралуу “ал-Арабия” сыналгы каналынын Дубайда жайгашкан баш кеңсеси билдирди. “Ал-Арабия” Саддам Хусейиндин коалиция күчтөрүн өлтүрүүгө шыкактап сүйлөгөн сөздөр жазылган үн тасманы обого чыгарып, зомбулукка үндөөдө, деди Ирактын Башкаруу Кеңешинин башчысы. Анткени 16-ноябрда “ал-Арабия” сыналгысынан уктурулган үнтасмада өзүн Саддам Хусейинмин деген киши АКШ баштаган куралдуу күчтөргө каршы чабуулдарды күч алдырууга чакырган. АКШнын президенти Жорж Буш Саддам Хусейиндин добушу түшүрүлгөн делген жаңы үнтасманы "үгүт" деп четке каккан.

Ирактагы Башкаруу Кеңешинин башчысы Жалал Талабани: “Ал-Арабия” сыналгысы бир кыйла мөөнөткө жабылат,” - деп билдирди. Бирок сыналгы каналы канча убакка жабылаары тууралуу ал так айткан жок. Андан тышкары Талабани Ирактын башкаруу бийлиги “ал-Арабия” сыналгысын сотко берээрин да маалымдады.

Башкаруу кеңеши сентябрь айында маалымат каражаттарына Ирактын аймагында зордук зомбулукту чагылдырууга тыйуу салган мыйзам кабыл алган. Бул мыйзамды батыштагы бейөкмөт уюмдар сынга алышууда, бирок АКШнын бийлиги мыйзамды колдоодо.

Дүйшөмбү күнү Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер буларга токтолду:

- Ирактагы Башкаруу кеңеши массалык маалымат кызматтары менен тыкыз байланышта иш алып барууда. Ошол эле учурда алар Иракта иштеп жана кызмат кылып жүргөндөрдүн, жергиликтүү ирактыктардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн маалымат каражаттарынын жолдон чыгарууга жасаган азгырууларын болтурбоого аракет кылууда.

Ал эми АКШнын коргоо министри Дональд Рамсвелд: “ал-Жазира” менен “ал-Арабия” коалиция күчтөрүнө ачыктан ачык каршы багытталган,” - деди.
Ирактагы Башкаруу кеңешинин маалымат каражаттарында Ирактын аймагында зордук - зомбулукту чагылдырууга тыйуу салган мыйзамын АКШ колдоп чыкты. Вашингтондун пикиринде, Иракта маалымат каражаттары ар түрдүү азгырган маалыматтар менен тополоң уюштурууга жаңы мыйзам бөгөт коют.

АКШнын мамлекеттик депертаментинин өкүлү Ричард Баучердин айтымында болсо:

- Вашингтон Ирактагы Башкаруу кеңешинин пикирине кошулат. Сиздерге маалым болгондой, Ирактын өзүндө эле жүзгө жакын жергиликтүү басылмалар жана көптөгөн эл аралык маалымат каражаттары, журналисттер бар. Алардын көпчүлүгү ишмердик стандарттарына жана жетекчилик негиздерине көңүл бурбай, каалагандай иштешүүдө.

Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети “Саддам Хусейиндин билдирүүсү маанилүү окуя, аны коомчулукка маалымдоо керек,” - деп эсептөөдө. Ошондой эле Париждеги “Чек арасыз кабарчылар” уюмун да “ал-Арабия” сыналгы каналынын Ирактагы бөлүмүнүн жабылышына маалымат эркиндигине тыйуу салуу кадамы катары баалоодо.

XS
SM
MD
LG