Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Эл Аралык Атомдук Энергия Агенттигинин башчысы мекеменин Иран боюнча резолюциясын колдоду


ВЕНА.Эл Аралык Атомдук Энергия агенттигинин башчысы мекеменин Иран боюнча резолюциясына ынанганын билдирди. Венада сүйлөгөн сөзүндө эл-Барадейи резолюция Ирандын ядролук программасы эл аралык келишимдер койгон чектен чыкпай тургандыгын кепилдейт.
"Мен резолюцияга толук ынандым. Бул Ирандын өзөктүк программасы чектен чыкпай турганына кепилдик берет. Резолюция массалык кыруучу куралдарды таркатпоо келишиминин так аткарылышын кепилдейт", - деди эл-Барадейи. 35 мүчө өлкөсү бар МАГАТЭнин башчылыгы кабыл алган резолюцияда Ирандын жашыруун өзөктүк программасы, анын катарында, Ирандын уранды байыткандыгы кескин сынга алынды, бирок бул иштин БУУнун Коопсуздук кеңешинде каралуусу жөнүндө резолюцияда айтылбайт.

XS
SM
MD
LG