Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Молдованын президенти Орусия сунуш кылган план Днестр аймагын эл аралык коомчулук тааныган өлкөгө айлантмак деп эсептейт


Владимир Воронин бүгүн телекөрсөтүүгө берген маегинде белгилегендей, ал ушул жүйөөдөн улам документти четке какты. Мындан сырткары документтин кабыл алынбашына Днестр аймагында орус аскерлери дагы 30 жылча турушун көздөгөнү себеп болду. Молдова президенти документти тезинен кабыл алуусу үчүн ага Орусиядан кысым болгонун да жашырган жок. Документке кол коюудан күтүүсүз баш тарткан Владимир Воронин мурдараак Орусиянын планы ЕККУ уюмунда колдоо таппаганын да ырастаган. Мунун аралыгында, Кишеневде оппозициячыл саясатчылар менен студенттер үч күндөн бери демонстрацияларды өткөрүштү. Алар да Орусия сунуш кылган планга каршылык билдиришип, аны адегенде жактырганы үчүн өкмөттүн отставкасын талап кылышты.

XS
SM
MD
LG