Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

«АКШнын Монтана штатынын жетекчилиги Кыргызстандагы адам укуктарынын бузулушу тууралуу толук кабардар» деп маалымдады укук коргоочу Р. Дырылдаев


БИШКЕК. АКШнын Монтана штатынын жетекчилиги соңку жылдары Кыргызстанда адам укуктарынын бузулушуна карабай, президент Аскар Акаевди кабыл алат. «Монтана штатынын губернаторунун жардамчысы Чак Батлер ушундай мазмундагы билдирүү жасады» деп маалымдады азыр Венада жүргөн укук коргоочу Рамазан Дырылдаев. Анын маалыматына караганда, буга чейин адам укуктарын коргоо боюнча «Хьюман Райтс Уотч» эл аралык уюму Монтана штатынын губернаторуна кайрылуу жолдоп, Кыргызстандагы кийинки жылдары адам укуктарынын бузулушу тууралуу маалымат берген. Монтана штатынын өкүлүнүн жогорудагыдай билдирүүсүн АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү билбей тургандыгын маалымдашты. Азыр иш сапары менен Норвегияда жүргөн президент Аскар Акаев 2-декабрда АКШнын Монтана штатына барат.

XS
SM
MD
LG