БИШКЕК. Бүгүн Москвада жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерине арналган 3 күндүк эл аралык конференция өз ишин аяктады. Бул жыйында жергиликтүү өз алдынча башкаруу институттарын өнүктүрүү, атуулдук коом менен мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы өз ара кызматташтыкты жакшыртуу сыяктуу маселелер талкууланды. Орусиянын Шаарларды өнүктүрүү институтунун демилгеси менен өткөн бул жыйынга КМШ өлкөлөрүнүн, АКШнын, Чехиянын, Польшанын жана башка өлкөлөрдүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу институттарынын өкүлдөрү чакырылды. Кыргызстандан Москвадагы бул жыйынга жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү министри Төлөбек Өмүралиев, Кыргызстандын Шаарлар ассоциациясынын төрагасы Курманбек Дыйканбаев жана башкалар катышты. Конференцияда Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча иштелип чыккан концепциянын бет ачаары болду. Бул жөнүндө бүгүн «Азаттыкка» Москвадан Курманбек Дыйканбаев маалымдады.
Москвада Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу концепциясынын бет ачаар аземи болду