Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

Укук коргоочунун аппеляциялык арызы каралат


БИШКЕК. 2-декабрда Бишкек шаардык соту укук коргоочу Турсунбек Акундун аппеляциялык арызын карай баштайт. Укук коргоочу Свердлов райондук сотунун чечимине нааразы болуп, шаардык сотко аппеляциялык арыз менен кайрылган эле. Ал эми Свердлов райондук соту «Агым» гезитинин ээси Мелис Эшимкановдун доо арызынын негизинде Турсунбек Акунга 2 млн сом, анын макаласын жарыялаган «Аалам» гезитине 3 млн сом айыппул салуу тууралуу чечимди 19-сентябрда чыгарган эле. Мелис Эшимканов «Турсунбек Акундун «Аалам» гезитине жарыяланган макаласындагы маалыматтар ар-намысыма доо келтирди» деп Свердлов райондук сотуна кайрылган.

XS
SM
MD
LG