БАТКЕН. Облустук ветеринария башкармалыгынан 3-декабрда алынган маалыматка караганда, акыркы эки ай ичинде облус аймагында шарп ылаңына чалдыккан 82 баш бодо катталган. Ылаң негизинен Баткен жана Лейлек райондорунун Тажикстан менен чектеш айылдарында чыккан. Малды эмдөө жана текшерүү иштеринин натыйжасында учурда облус аймагында ылаңдын жайылышы негизинен токтоду. Баткендик малдоктурлар «бул ылаң облус аймагына кошуна Тажикстандан жуккан болуш керек» деген жыйынтыкка келишүүдө. Бирок тажик тарап мындай бүтүмгө макул эмес. Кыргыз тараптын пикирине караганда, Тажикстанда элдин колундагы малга эмдөө иштери жүргүзүлбөйт жана мындай ылаң тууралуу маалыматтар ачык айтылбайт.
Кабарлар топтомун Бишкектен Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу даярдашты.
Редактор – Кубат Оторбаев.
Кабарлар топтомун Бишкектен Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу даярдашты.
Редактор – Кубат Оторбаев.