Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Жалалабадда укук коргоо уюмуна уруксат берилбеди


ЖАЛАЛАБАД. Облустук ички иштер башкармасы адам укугун коргоочу уюмдун 1-декабрда жиберген өтүнүчү канааттандырылбастыгын жана ал үчүн ички иштер министрлигине кайрылуу зарылдыгын билдирди. "Справедливость" уюму "Мамлекеттик адам укугу 2001-2010 жылдын аралыгында" аттуу программага катышуу үчүн Жалалабад шаарындагы убактылуу кармоочу жайдын абалына, андагы адам укугунун сакталышына бир ай байкоо жүргүзүүгө уруксат берүүнү өтүнгөн. Эки жыл мурда башкы прокуратуранын макулдугу менен жүргүзүлгөн мониторингде ачыкка чыккан фактылардын натыйжасында убактылуу жайда кармалгандар менен айыпталуучу, соттолуучулардын абалы кыйла жакшырган. Байкоо жүргүзүү долбоорун Эл аралык "Фридом Хауз" уюму колдогон.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG