Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

ЖАЛАЛАБАДДАГЫ МАЛ ШАРП БОЛУП ЫЛАҢДАП АТАТ


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Турмуш-жайы акырындап жакшыра баштаган Жалалабад облусунун атуулдарынын бодо малына шарп тийген. Малдын бул жугуштуу оорусун ветеринардык дарыгерлер жашырып келгени менен, илдеттин чын экендигин атуулдар оорунун белгилери менен кошо айтып беришти. Ноокен, Базаркоргон райондорунда мал базарлар толук жабылып, чегарадагы ветеренардык карантин бекеттеринин иштери күчѳтүлдү. Облустук жетекчилик оорунун коңшу облустардан суу жана аба аркылуу жуккандыгын билдирди.

Облустун райондорунда бодо мал шарп менен ылаңдай баштаганы тууралуу апта башынан бери атуулдардын айтканын биз кайрылган облустук ветеринардык кызмат такай жокко чыгарып келген. Уюнун үч күндѳн бери оозунан шилекей куюлуп, таңдайы эзилгенин Акимжанат Абдуллаев мындайча билдирди:

- Бүгүн эки-үч күн болуп калды, малдын шарп болгону билинип калды. Белгилери - оозунан шилекей агып, таңдайы кызарып калат экен. Ошону ѳзүбүз колубуздан келишинче туз менен шыбап атабыз. Туз жардам берет дейт. Калган малга, койго да жугат дешкенинен доктурга барып сүйлѳшүп, вакцинага акча дегенинен акча бердик. Алар «жакынкы күндѳрү алып келип ийне сайып беребиз» деп убада беришти. Азырынча калгандарын сакташка аракет кылабыз.

Жалил Маткалыковдун жети уюна жуккан илдетти балдары мал доктурлар үйрѳткѳндѳй кылып дарылап жатышыптыр:

- Дары таппай, аптекадан адамга сая турган дарыдан сатып келип, ѳзүбүз дарылап атабыз. Пенициллин деген дарынын бир сайымын 8 сомдон балдарым алып келди. Бир уйга биз эртең менен, кечинде сайып атабыз.

Анын айтымында, айылдагы элдин малы тегиз ылаңдап жатат жана ал кошуна ѳлкѳдѳн сатылып алынган малдан жуккан. Ал облустук же райондук ветеринар-дарыгерлердин айыл аралабай, ооруну жашырышканына таң калды:

- Ѳзүбүздүн айыл ѳкмѳттүн доктуру кѳрүп атат. Алар келип, баарын ырастап кетти. .

Узира Каримованын тѳрт ую Орозо айттан бери чѳп жебей калган:

- Менин 4 уйум бар, тѳртѳѳ тең шарп болуп оозунан шилекейи куюлуп, азыр оор акыбалда, баса албайт, чѳп жебейт. Азыр атала куюп берип атабыз, аны да анча иче албайт. Доктурга кѳрсѳттүк.

Базаркоргондук Аскар Калыбаевдин малын медсестра кызы дарылап жатат.

Шарп, облустук жетекчиликтин божомолунда, кошуна Ѳзбекстан менен Ош, Баткен облустарына аба жана суу аркылуу жугушу ыктымал. Кечээ эле Аксы, Ноокен, Базаркоргон, Сузак райондорунда 311 уйга илдет жуккан. Атуулдардын божомолунда, бул кѳрсѳткүч 10 эсе азайтылып айтылып жатат. Агрардык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы Нурмамат Мамакелдиев оору адамга жукпаганы менен, үй-бүлѳлүк казнага зыян келтирбеси үчүн алдын-алуу чараларын туура кѳрѳт:

- Ѳзбек Республикасына жакын райондордо иш катуу болуп атат. Айрыкча мал базарларды бир-эки жумага жаап, эки жуманын ичинде айрыкча бодо малга ийне сайдырып, шарпка каршы эмдесе, эл дагы ѳзүнүн малын сактап калат. Коңшулаш райондорго атайын карантиндик бекеттерди уюштуруп, аларды катуу кѳзѳмѳлгѳ албасак, кийин кѳп зыян тартып калабыз. Ошондуктан азыр облуста атайын штаб түзүлгѳн.

Кошуна Ѳзбекстан менен чектешкен жайлардагы ветеринардык, карантиндик 17 бекеттин иши күчѳтүлдү, райондордогу мал базар эки жумага жабылды, ооруга каршы 40 миң доза вакцина алынып келинди. Нурмамат Маматкелдиев профилактикалык чаралар акысыз кѳрсөтүлѳѳрүн эскертип, элди мал доктурларга кайрылууга чакырды:

- Бул сайылган дарынын баары бекер. Алар туура түшүнүшү керек. Ошондуктан ар ким ѳзүнүн малына кызыгып, үй-бүлѳлүк бюджетти сактап калам десе, тез аранын ичинде айылдагы мал дарыгерлерге кайрылып, жандыктарын эмдетип алса жакшы болот.

XS
SM
MD
LG