Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

ЕврАзЭКтин туруктуу өкүлдөрү Алматыга чогулат


БИШКЕК. Эртең Казакстандын Алматы шаарында Евразия экономикалык кызматташуу уюмунун туруктуу өкүлдөр комиссиясынын 18-отуруму болот. Ага Кыргызстандын уюмдагы вице-премьер министр даражадагы өкүлү Базарбай Мамбетов катышат. Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, отурумдун күн тартибинде 22 маселе бар. Алардын арасында уюмдун мыйзам чыгаруу, аны даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу макамы тууралуу келишимдин долбоору, бажы кызматтарынын ортосунда бажы жыйымдарын төлөө тууралуу макулдашуу бар. Андан тышкары уюмга мүчө мамлекеттердин атуулдарынын убактылуу эмгектенүүсү жөнүндөгү макулдашуунун долбоору талкууланат. ЕвраАзЭКке мүчө мамлекеттер ичинде эмгек миграциясы күч алгандыктан бул макулдашууну кабыл алуу зарылдыгы жогорулоодо. Бул маселелер туруктуу өкүлдөр комиссиясынын талкуусунан кийин уюмдун мамлекеттер аралык кеңешинин кароосуна жөнөтүлөт.


Кабарлар топтомун Бишкектен Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу даярдашты.

XS
SM
MD
LG