Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Кыргызстан менен Словакиянын ортосунда кызматташуу күчөйт


БИШКЕК. Кыргызстан менен Словакиянын ортосунда кош салыктан качуу, инвестицияны коргоо, туризмди өнүктүрүү, эл аралык деңгээлде автомобиль менен жүк ташуу жана аба каттамын ачуу тууралуу макулдашууларга кол коюлат. Бул жөнүндө президент Аскар Акаев 8-декабрда Словакия республикасындагы ырасмий визити учурунда, бул өлкөнүн президенти Рудолф Шустер менен жолугушканда сүйлөштү. Андан тышкары Аскар Акаев менен Рудолф Шустер радардык жабдууларды чыгаруу боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү, информациялык технологияны өнүктүрүү, кичи ГЭСтерди куруу жана гидроэнергетика тармагын өнүктүрүү боюнча конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө пикир алышты. Эки өлкөнүн ортосунда кызматташуу жана бири-бирине жардамдашуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Бүгүн Аскар Акаев Тренчев шаарындагы университетте болуп, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү менен жолугушту жана Акаевге ардактуу доктор деген наам ыйгарылды.Эртең президент баштаган делегация информациялык коом боюнча Швейцариянын Женева шаарында болуучу дүйнөлүк саммитке катышып, Аскар Акаев сөз сүйлөйт.

XS
SM
MD
LG