КАБУЛ. Ооганстандын президенти Хамид Карзай ишемби күнү өз ишин баштай турган элдик курултай - Лойа Жырганы өлкөнүн жаңы Конституциясын тезирээк кабыл алууга үндөдү. Президент өлкөдө алгачкы эркин шайлоону уюштуруу үчүн мамлекет башчысына кеңири укуктар керек экенин белгилеп, эгерде Лойа Жырга өлкөдө премъер-министрдин ордун киргизсе, Карзай өзү шайлоого катышпай тургандыгын билдирди. Оппоненттер Ооганстандын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча президенттин бийлик ыйгарымы диктатордукуна тете экенин айтышат.