Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Баткенде бензиндин баасы дале кымбат


БАТКЕН. Облус аймагында «А-80» маркасындагы бензиндин бир литри 22-24 сомдон сатылууда. Бул коңшулаш Ош жана Жалалабад облустарына салыштырганда 5-6 сомго, ал эми Бишкекке караганда 10 сомго кымбат. Натыйжада жол кире жогорулап, эл түйшүккө малынды. Бензиндин бир эсе кымбаттыгынан, бир эсе тартыштыгынан улам облус борборун район, шаарлар менен байланыштырган автобус каттамдары токтоду. Эл кымбаттыгына карабай жалаң жеке менчик автоунаалар менен жүрө баштады.

XS
SM
MD
LG