Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:13

Израил аскерлери Газа Тилкесинде aлты палестинди атып өлтүрүштү


Рафах шаарындагы качкындар лагериндеги кол салууда дагы 17 киши жараат алды. Палестиндер набыт болгондордун баары – карапайым адамдар болгонун маалымдашты, бирок Израилдин армиясы алардын кеминде экөө Израиль аскерлерине ок ачкан куралчандар деп ырастап жатат.
Анын аралыгында, Тель-Авивдин борбордук бөлүгүндө орун алган жарылуудан кеминде үч киши курман болуп, 15тей адам жараат алды. Жардыруу кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө байланышкан болушу мүмкүн.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG