Герхард Шрөдер менен Александр Квасниевский эртең башталып жаткан эки күндүк баш жыйындын алдында ортодогу карама-каршылыктарды жөнгө салуу нийети менен сүйлөшүү жүргүзүштү.
Германия менен Франциянын 2000-жылы макулдашылган татаал шайлоо системасын өзгөртүү аракеттерине учурда Испания менен Польша каршылык көрсөтүп жатышат. Макулдашуу боюнча, калкынын саны кыйла аз болсо да, бул эки өлкө Германия менен бирдей добуш укуктарына ээ болушат. Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер бул шартка макул болгондон көрө, конституцияны кабыл алууга шашылбоого чакырды.