БИШКЕК. Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык жыйынында эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын азыркы абалы талкууланды. Так айтканда, суу-энергетика, транспорт, бажы тармагындагы маселелер каралды. Кыргызстандын Тышкы соода жана өнөржай министри Садриддин Жиенбеков Казакстандын аймагы аркылуу жүк ташып өткөн Кыргызстандын автоунааларынан алынган төлөмдөрдү азайтууну өтүндү. Ал эми казак тарап Кыргызстандан Казакстанга суу берүүнү жолго салууну көтөрдү. Жыйында ошондой эле эмгек мигранттарына байланыштуу келишимдин долбоору да каралды. Бул жөнүндө «Азаттык» радиосунун казак кызматынын Астанадагы кабарчылары маалымдашты.