БИШКЕК. Жаңы жылдан тартып Кыргызстанда пенсия 22 сомго көбөйөт. Ал эми апрель айында пенсия дагы 9% өсөт. Бул тууралуу бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Социалдык фонддун төрагасы Акматбек Келдибеков билдирди. Анын маалыматына караганда, учурда пенсия боюнча карыз жок. Ал эми пенсиянын орточо көлөмү 617 сом. 2004-жылдагы көбөйүүдөн кийин ал 672 сомго жетет. Акматбек Келдибеков депутаттардын сынына Социалдык фонддун 2004-жылдагы бюджетинин долбоорун сунуштады. Анын кирешеси 5 млрд. 268 млн. сом, чыгашасы 4 млрд. 78 млн. сом.