Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Ош облусунун «Манас» кичирайонунун жашоочулары нааразылык акциясына чыгышты


ОШ. Эки күн мурда «Чыгышэлектр тармактары» станциясы тарабынан бир кезде пахта комбинатына тиешелүү болгон 6 жатаканага электр энергиясын берүү токтотулган. Шаардык бийликтин имаратынын алдына чогулушкан 50-60тай атуул «мэрдин өзү бизди кабыл алсын» дешти. Шаардын мэри жок болгондуктан, анын 1-орун басары Жумадыл Исаков чыгып, нааразы болуп келгендер менен сүйлөшүүгө аракет жасады. Анын чакыруусу менен ошол эле жерге «Чыгышэлектр тармактары» станциясынын жетекчисинин орун басары Тоймамат Айтиев келгенде ызы-чуу дагы күчөдү. Нааразы болгондордун айтымында, жарыкты «мэрдин буйругу» боюнча деп өчүрүп кетишкен. Ал эми Тоймамат Айтиев жатакананын жарыгы электр карызы төлөнбөгөнү үчүн өчүрүлгөнүн айтты.

XS
SM
MD
LG