Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:35

Жөөттөр менен арабдар жашаган аймактарды Израил чек ара менен бөлүшү мүмкүн


Израилдин премьер-министри Ариел Шарон кечээ күнү атайын билдирүү жасап, эгер "Жол картасы" аттуу планды арабдар аткарбаса, анын өкмөтү Израил менен Палестинаны бөлө турган чараларды көрө турганын жарыялады. Шарондун айтымында, араб жерлериндеги кээ бир жөөт айылдары көчүрүлөт, арабдар менен жөөтөр жашаган аймактар ортосунда болсо чек ара орнотулат. Америкалык президенттин басма сөз катчысы Скотт Маклелландын айтымында, АКШ ага каршы, анткени "Жол картасында" эч кандай андай чаралар көрсөтүлгөн эмес. План боюнча, 2005-жылы эгемендүү Палестина мамлекети түзүлүүгө тийиш, бирок ал үчүн арабдар террорчулукту токтотуш керек, жөөттөр болсо басылып алынган араб жерлерин бошотууга тийиш.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG