Германиянын парламенти салыктарды кескин кыскартууну караган мыйзам долбоорун бекитти
Германиянын парламенти салыктарды кескин кыскартууну караган мыйзам долбоорун бекитти
Документ эки палатада тең колдоого алынды. Ага ылайык, келерки жылы өлкөдө киреше салыгын жалпысынан 15 миллиард еврого кыскартуу каралып жатат. Бул кадам канцлер Герхард Шрөдөрдүн өкмөтү даярдаган реформалардын маанилүү бир механизми.