Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:31

Ливия өзөктүк курал өндүрүүдөн баш тартууда


Ливиянын тышкы иштер министрлигинин айтымында, өлкө кеңири кыруучу өзөктүк курал чыгаруу программасын токтотот. Министрлик кечээ күнү жасаган билдирүүдө, ал тууралуу келишим Ливия, АКШ жана Улуу Британиянын өкүлдөрүнүн ортосунда болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жетишилди деп айтылат. Андай келишим түзүлгөнүн Ливия лидери Муамар Каддафи менен Улуу Британиянын премьер-министр Тони Блэр тастыктады. АКШ президенти Жорж Буш аны кубаттоо менен кабыл алды: "Ливия кайрадан дүйнө мамлекеттерине кошулуу жолуна түштү жана полковник Каддафи эмне кылууну билет: берген убадасын Ливия аткарышы керек. Андан тышкары Ливия террорчулукка каршы согушка да толук кошулууга тийиш". Сүйлөшүүлөр тогуз айга созулган.

XS
SM
MD
LG