БИШКЕК. Бүгүн Аскар Акаев баштаган Кыргызстандын делегациясы Иран Ислам Республикасына ырасмий сапар менен жөнөп кетти. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Аскар Акаев Ирандын президенти Мохаммед Хатами баштаган бир катар жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугат. Иш-сапары учурунда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу келишимге жана маданий байланышты чыңдоо тууралуу меморандумга кол коюлат. Ошондой эле өлкө жетекчилери Ооганстандын айланасындагы кырдаал жана эл аралык маселелер боюнча да пикир алмашышат. Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, мамлекет башчысынын Иранга болгон иш сапары 22-декабрда соңуна чыгат.