Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

БҮГҮН ШААРДЫК СОТ УКУК КОРГООЧУ МЕНЕН ЖУРНАЛИСТТИН ИШИН КАРАЙТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бүгүн Бишкек шаардык соту «Аалам» гезити менен укук коргоочу Турсунбек Акундун апелляциялык доо арызын карайт

«Аалам» гезитинин быйылкы 13-17-июндагы номурунда укук коргоочу Турсунбек Акундун «Мелис Эшимкановдун саясий жүзү» деген макаласы жарыяланган. Андан көп өтпөй Мелис Эшимканов «аталган макала менин арнамыс, кадыр-баркыма шек келтирди» деп Свердлов райондук сотуна арыз жолдогон. Моралдык чыгым үчүн «Аалам» гезитинен 3 млн. сом, Турсунбек Акундан 2 млн. сом өндүрүп берүүнү сураган.

19-сентябрда Свердлов райондук соту Мелис Эшимкановдун арызын толугу менен канааттандырган. Ага нааразы болгон укук коргоочу менен гезиттин жамааты Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылышкан.

Ошол эле учурда Мелис Эшимканов Турсунбек Акундун гезит аркылуу ырасмий кечирим сурашын талап кылып келет. Бул тууралуу Эшимкановдун жактоочусу Жаныбек Жанызак мындай дейт:

- Мыйзам талап кылгандай ырасмий түрдө кечирим сурасын!

Ал эми Турсунбек Акун болсо Мелис Эшимкановдон ырасмий түрдө кечирим сурабай тургандыгын айтып, «мындай ишке өлкөнүн бийлиги кийлигишип жатат» деген пикирде:

- Бул ишке аткаруу бийлиги кийлигишип жаткандыгы ачык көрүнүп турат.

Ошондой эле Турсунбек Акун эгерде, шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырса, Жогорку сотко, андан кийин Конституциялык, анан эларалык сотко кайрылаарын кошумчалады.
XS
SM
MD
LG