Операциянын жүрүшүндө сегиз палестин тургуну окко учту, отуздан ашууну жарадар болушту. Танктардын коштоосу менен өткөрүлгөн бул жолку рейдде жөөттөрдүн армиясы Рафахтагы качкындар лагерине жуук жер алдындагы үңкүр жолдорду жок кылуу максатын көздөштү. Израил премьеринин кеңешчиси Дор Голд палестиндер зобун-зомбулуктан баш тартышса, Израил да күч колдонуу чараларын токтотконго даяр экендигин ырастады. Ошол эле учурда Голд израил өкмөтү Газа тилкесинде жер алдындагы жашыруун жолдордун сакталып калышына жол бербей тургандыгын, анткени алар аркылуу көп сандагы курал-жарактар ташылып жаткандыгын белгиледи.