Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Пакистандын президенти Первез Мушарафка акыркы он күндө эки жолу кол салуу болду


Исламабад. Пакистандын президенти Первез Мушараф «өмүрүнө коркунуч туудурган кол салууну уюштургандар ислам экстремистери болушу мүмкүн,» деген божомолун билдирди. Кол салуудан окуядан кийин президент жергиликтүү сыналгыдан сүйлөгөн сөзүндө:
- Менин айланамда, менин коопсуздугумду камсыз кылуучу кызматкерлер бар эле. Алар менин өмүрүмдү сактап калуу үчүн, өз өмүрүн тобокелге салышты. Кароол кызматындагыларга эч кандай дооматым жок. Коопсуздук үчүн канчалык чара көргөн күндө дагы, тероррчул жанкечтилердин күтүүсүз кол салуусунан кепилдик жок.
Шаршембиде Пакистандын президенти Первез Мушараф бараткан автокербен өтүп кеткенден кийин, жол таманына койгон мина жарылып, 14 адам набыт болуп, 40ка жакын адам жараат алган.

XS
SM
MD
LG