Стамбулдун губернатору Муаммер Гүлөр бул шаарда бир нече жардырууларды уюштурган террористтик топ колго түшкөнүн кабарлады. Анын айтымында, террордук топ “аль-Кайида” уюму менен тыгыз байланышта болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө “жардырууну уюштурган” деген айып менен 35 киши кармалган. Быйыл ноябрда Стамбулда 4 жардыруу болуп, анын айынан 60тан ашуун киши курман болгон.