БИШКЕК. «Алга, Кыргызстан» партиясы Конституцияга, «партиялык тизмени» калыбына келтирүү боюнча өзгөртүү киргизүү боюнча сунушту колдойт. Мындай чечим аталган партиянын саясий кеңешинде кабыл алынды. Бул тууралуу «Алга, Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин жооптуу катчысынын орун басары Мелис Жунушалиев билдирди. Мындан бир нече күн мурда Жогорку Кеңештин 75 депутаты Конституцияга пропорционалдык шайлоо ыкмасын киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Конституциялык сотко жолдогон. Өкмөтчүл маанайдагы «Жаңызаман», «Жаңыкыймыл», «Манас эл», «Кооператорлор» партиялары мындан бир нече күн илгери биригишип, «Алга, Кыргызстан» партиясын түзүшкөн. Ага жакында мурдагы өкмөт башчы Амангелди Муралиев жетектеген «Биримдик» партиясы кошулган.