ЖАЛАЛАБАД. Москвада иштеген кыргыздардын «Биримдик» коому облустагы кургак учук жана тери-венералогия ооруканаларына 240 миң сомдук шейшеп, төшөнчүлөрдү тапшырып кайтышты. Асылбек Муратов жетектеген уюмдун бир жарым миңден ашык мүчөсү мезгил-мезгили менен облуска жардам берип турушат. Коомдун негизин Сузактын Винсовхоз айылынын Москвада иштеген атуулдары түзгөндүктөн, алар өздөрү окуган эки мектепке буга чейин 5 миң доллар беришип, айылдагы мечиттин курулушун каржылашкан. Алардын демилгеси менен айылда эки кабаттуу үйлөрдүн жаңы шаарчасы курулууда.