Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Саясий партия өлкө доктринасын даярдап жатат


БИШКЕК. «Алга, Кыргызстан!» саясий партиясы мамлекеттин идеологиялык доктринасынын долбоорун даярдап жатат. Мындай маалымат бүгүн партиянын жооптуу катчысынын орун басары Мелис Жунушалиевден алынды. Анын маалыматына караганда, доктринада Кыргызстандын келечектеги саясий жана экономикалык багыттары аныкталып, аны ишке ашыруу жолдору белгиленет. Андан кийин партия өлкөнүн социалдык-экономикалык доктринасын иштеп чыгуу милдетин алдыга коюуда. Анда Кыргызстандын Борбордук Азияда ала турган орду аныкталып, экономикалык өнүгүүгө шарт түзүүчү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, аларды кабыл алуу аракети көрүлөт. Мелис Жунушалиевдин айтымында, партия азыр идеологиялык да, экономикалык да кандай багыттарды алдыга коёрун азырынча ачыкка чыгарбайт.

XS
SM
MD
LG