Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Сапаттуу товар өндүрүү боюнча конкурс жыйынтыкталды


БИШКЕК. 31-декабрда Өкмөт үйүндө премьер-министр Николай Танаевдин катышуусу менен сапат боюнча 2003-жылдын конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды. Анда ири ишканалардын ичинен биринчи орунга «Бишкек» эркин экономикалык аймагында катталган «Манас менежмент» компаниясы татыктуу деп табылды. Бул компания учактагы жүргүнчүлөргө тамак даярдоо жана жүктөрдү ташуу багытында кызмат кылат. Ал эми орто ишканалар арасындагы таймашта «Меркурий-сервис», чакан ишканалар арасында «Акун-Ысыккөл» ишканасы сапат боюнча конкурстун женүүчүсү болду. Жалпысынан конкурска жумуруят боюнча 203 ишкана катышууга арыз берген. Мындай конкурс 1998-жылдан бери өткөрүлүп келатат.

XS
SM
MD
LG