Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Өлүм жазасын колдонууга мораторий узартылды


БИШКЕК. Кыргызстанда жазанын өзгөчө чарасын - өлүм жазасын аткаруу мөөнөтү дагы бир жылга, 2004-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. Ага негиз берген жарлыкка президент Аскар Акаев 30-декабрда кол койду. Президент бул жарлыгын Кыргызстандын адам укуктарын жана эркиндиктерин сактай тургандыгын ырастап жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганынын 55 жылдыгынын урматына чыгарды. Жарлыкка ылайык тиешелүү мекеме-уюмдар өлүм жазасына соттолгон адамдардын жашоо-шартын жакшыртуу үчүн каражат табууга милдеттендирилди. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун айтымында, азыр Кыргызстанда өлүм жазасы берилген өкүмдүн аткарылышын күтүп абактарда 150дөй атуул жатат.

XS
SM
MD
LG