Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

АКШ ИРАНГА 90 КҮНДҮК ЖЕҢИЛДИК БЕРДИ


Венера Сагындык кызы, Прага шаары АКШ катуу жер титирөөдөн жабыр тарткан ирандыктарга жардам көрсөтүү ниетинде Иранга каршы киргизилген санкцияларды жеңилдетти. Бул жеңилдиктер 3 айга созулмакчы. Вашингтон бул чара – биринчи кезекте Иранга америкалык жардамды жеткирүүгө жол ачарын белгилеп жатат.

Вашингтон 90 күнгө киргизген бул чара эң ириде АКШдан Иранга акча которууга мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, Иранда байыркы Бам шаарын кыйраткан зилзаланын кесепеттерин жоюу, жапа чеккен адамдарга жардам көрсөтүү менен алектенип жаткан жергиликтүү уюмдар эми Америкалык фонддордон, коомдук бирикмелер менен катардагы жарандардан акчалай колдоо ала алышат.

1979-жылы Американын Тегерандагы элчилигине кол салуу болуп, ал жерде иштегендер барымтага алынгандан тарта Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер токтотулуп, Америкадан Иранга акча которууга тыюу салынган. Анда киргизилген санкциялар башка да кеңири чараларды камтыйт. Эми алардын айрымдары жеңилдетилген соң үч ай бою АКШдан Иранга мисалы, транспорттук-байланыш жабдыктарын, зымсыз телефон, радио жана компьютердик системаларды экспорттоого болот. Өткөн ишембиден тарта башталган 90 күндүк мөөнөт аралыгында Бамда үй-жайсыз калган жүз миңдей адамга жардам көрсөтчү уюмдар АКШдан каражат жана башка керектүү колдоону үзгүлтүксүз алып турушат. Вашингтон андан тышкары Иранда жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга гуманитардык жардам иретинде тамак-аш, дары-дармек, кийим-кечек, алачык ж.б. керектүү буюмдар толо жүктөлгөн бир нече учагын жөнөттү. Ошондой эле табигый кырсык болгон жерлерде техникалык жана медициналык жардам көрсөтүүгө адистешкен америкалык чабармандар ушу тапта Иранда өз милдетин аткарып жатышат.


Өткөн аптада Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Конгрессте бир катар консультациялар өткөрүп, 50 миңге жакын адамдын өмүрүн алып кеткен зилзаладан улам Иранга жардам көргөзүү маселесин талкуулаган соң, Вашингтон ушундай чечимин жарыялады. Иранга каршы санкциялар жеңилдеткенин билдирген Вашингтондун өкүлү Трент Даффи: "Америкалыктар Иранга чын ниетинен жардам бергиси келет. Бамдагы жер титирөөдө жакындарын, үй-мүлкүн жоготкон адамдарга жаныбыз ачыйт", - деп белгилей кетти.


Колин Пауэлл өткөн аптада "Вашингтон пост" гезитинде жарыяланган интервьюсунда чоң жоготууларды алып келген жер титирөөдөн улам Иран эл аралык коомчулуктун кеңири жардамына муктаж экенин, ошондой эле жакында Тегеран өзүнүн атомдук жайларын эл аралык инспекторлорго текшертүүгө макул болгонун эске салып, Иран үчүн ушу тапта бир катар мамлекеттер менен, алардын арасында АКШ менен да мамилесин оңдоп алууга мүмкүндүк түзүлгөнүн айткан.


Ал анткен менен, Ирандын президенти Мохаммад Хатами басма сөз өкүлү аркылуу жардам көрсөткөнү үчүн Америкага ыраазычылык билдирип, бирок Вашингтон Тегеранга карата саясатын өзгөртмөйүнчө эки өлкө ортосунда сүйлөшүү баштоо мүмкүн эмес деп басым жасады.


Жаңы жыл алдында коркунучтуу табигый кырсыкка кабылган байыркы Бам шаарында 40тан ашуун мамлекеттин куткаруучулары жана башка адистери иштеп жатышат. Бириккен улуттар уюму шаардын калкын таза суу менен камсыздоо системасы оңдолгонун кабарлады.

XS
SM
MD
LG