Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга бир сыйра жардам көрсөтүү жөнүндө жардык чыгарды


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга бир сыйра жардам көрсөтүү жөнүндө жардык чыгарды. Анын жардыгы бүгүн күчүнө кирет. Жардыкта айтылгандай, жаратылыш кырсыгынан каза тапкан ар бир адам үчүн анын үй-бүлөсүнө 100 доллардан жардам берилет. Ошондой эле өлчөмдөгү каражат табият кырсыгынан улам үйү жарым-жартылай керектен чыгып калган ар бир үй-бүлөгө берилет. Үйү жаратылыш кырсыгынан таптакыр кыйрап калган ар бир түтүнгө жаңы үй салып алыш үчүн 500 доллар өлчөмүндө беш жылдык жеңилдетилген насыя бөлүнөт. Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча жергиликтүү борборунун маалыматына караганда, 1993-жылдан 2002-жылга чейин Тажикстанда 70 миңдей адам жер титирөөлөрдүн, жер көчкүлөрдүн жана башка табият кырсыктарынын айынан үй-жайсыз калган.

XS
SM
MD
LG