Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:32

Ирандагы жер титирөөдөн жабыр тарткандардын абалы дале болсо абдан оор


Ирандагы катуу жер титирөөдөн жабыр тарткандарга бериле турган жардамдын көлөмүн Бириккен Улуттар Уюму бир жуманын ичинде аныктап чыкмакчы. Алдын-ала маалыматтарга караганда, Ирандын Бам шаарында болгон жер титирөөдөн 40 миңдей адам үй-жайсыз калган. Алардын көпчүлүгү муздак чатырларда жашап жатышат. Кыйраган Бамдагы көчмө госпиталда иштеген америкалык дарыгерлердин биринин айтымында, көп кишилердин өпкөсүнө суук тийип, дагы бир топтору кайгысына уугуп, тамак иче албай калышкан. Жер титирөөдөн бери болгондо 30 миңдей киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG