Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:47

Тажик чегарачыларынын мыйзам бузуулары


БАТКЕН. Облус борборун Баткен районунун үч айыл өкмөтү менен, жана Лейлек районун байланыштырган жолдогу мурда Тажикстандын Сурх бекети турган жерде декабрдын этегенде Тажикстандын чегарачылары мыйзам бузууларга барышкан. Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн 4-январда алынган маалыматка караганда, тажикстандык чегарачылар Кыргызстандын автоунааларын тосуп, ар кандай шылтоолор менен акча талап кылышкан. Текшерүү учурунда мыйзамсыз аракеттерди жасагандар чегара бөлүгүнүн башчысы Базаров баштаган кызматкерлер экени аныкталды. Бул окуяга байланыштуу Баткендеги чегара бөлүгү Тажикстандын Исфара чегара бөлүгүнө өз кызматкерлерине карата чара көрүү талабы менен кайрылды. Бул окуя Согди облусунун Баткен облусундагы өкүлү Сражидин Карамидиновго билдирилди. Жергиликтүү элден мындай окуяларды өз учурунда эскертип турууну суранышты.

XS
SM
MD
LG