Линктер

бейшемби, 29-июнь, 2017 Бишкек убактысы 15:32

Пакистан жана Индия лидерлери Исламабадда жолугат


Пакистан президенти Первез Мушараф менен Индиянын премьер-министри Атал Бихари Важпаинин акыркы эки жылдан берки алгачкы көзмө- көз сүйлөшүүсү Түштүк Азия өлкөлөрүнүн Исламабадда кечээ ачылган саммитинин алкагында өтөөрү күтүлүүдө. Кечээ Индиянын өкмөт башчысы менен Пакистандын премьер-министри Зафарулла Хан Жамали кездешти. Мындан эки жыл мурун Индия парламентине куралчан адамдар кол салгандан кийин эки өлкөнүн ортосунда согуш чыгып кетчүдөй жагдай түзүлгөн эле, тараптардын Кашмир боюнча чатагы да чечиле элек.
Ал эми Исламабаддагы саммитте Түштүк Азиядагы чөлкөмдүк кызматташтык уюмуна мүчө жети өлкөнүн ортосунда 2006–жылдан тарта күчүнө кирүүчү эркин сооода келишиминин жол-жоболору талкууланмакчы.

XS
SM
MD
LG