Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:15

Талас облустук администрациянын коллегиясы өттү


ТАЛАС. Өткөн төрт айда облус боюнча 57 млн. сом карызды жоюу алдыга коюлса, болгону 17 млн. сом гана өндүрүлгөн. Ал эми инвентаризация жүргүзгөндө такталган 70 млн. сом «жел акча» боюнча прокуратура тергөө иштерин жүргүзүп жаткандыгы да жыйында маалымдалды. Коллегияда облустун быйыл белгилене турган 60 жылдык мааракесине даярдык да каралды. Натыйжада, 60 жылдык мааракени өткөрүш үчүн 60 ишембилик уюштуруу тууралуу чечим кабыл алынды. Губернатор Искендер Айдаралиев Талас облусунун 60 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө өкмөттө токтом даярдалып жаткандыгын, токтомдун негизинде облустун борбору Талас шаарын жакшыртуу боюнча республикалык деңгээлде иштер аткарылаарын маалымдады. Ал ошондой эле Талас шаарына орнотулмак болуп жаткан Манас жана Каныкейдин айкелдери 6 млн. сомго жасалып жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG