Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:18

Пхеньяндын сунушу Вашингтонду кызыктырды


АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Түндүк Кореянын өзөктүк программасын токтотуу жөнүндөгү билдирүүсүн оң сунуш деп баалады:
- Бул позитивдүү билдирүү болду. Алар, чынында эле, сыноолорду өткөрбөсүн жана каруу жарак программасын гана эмес, өзөктүк программасын да биротоло токтотоорун билдиришти. Алардын бул өтө кызыктуу жана позитивдүү сунушу биздин алты жактуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында ылдам алга жылышыбызга өбөлгө болот деп үмүттөнөбүз.
Алты жактуу сүйлөшүүгө АКШ, Кытай, Жапония, Россия, Түндүк жана Түштүк Корея тартылган.
Пхеньян АКШнын жардамынын ордуна өзүнүн өзөктүк программасын токтотууга даяр экенин шейшемби күнү эртең менен билдирген жана Вашингтондон терроризмди каржылайт деп айыпталган өлкөлөрдүн тизмесинен Түндүк Кореяны чыгарып салуусун өтүнгөн.
АКШ сунушка Пхеньян адегенде өзөктүк куралдарды өнүктүрүү программасын чындап иштен чыгара башташы керек деп жооп берген.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Амирбек Азам уулу, Прага

XS
SM
MD
LG