Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

Пакистан менен Индия ок атышууну токтотуу келишими боюнча мунасалуу пикирге келишти


ИСЛАМАБАД. Кашмирди өз көзөмөлүнө алууну көздөгөн исламдык согушкер күчтөрдүн каршылыгына карабастан, Пакистан менен Индия ок атышууну токтотуу боюнча мунасага келишти. Кечээ бул жөнүндө Индиянын премъер- министри Атал Бехари Важпайи менен Пакистандын президенти Первез Мушарраф билдиришти. Мушарраф Пакистанда, анын катарында Кашмирдин аймагында, террорчул күчтөрдүн баш бааналашына жол бербей турганына ишендирди. Ал эми Важпайи болсо Кашмир жөнүндөгү талашты жөнгө салууга бар мүмкүнчүлүгүн жумшай тургандыгын айтты. Эки ортодо жетишилген келишимди Кашмирдеги исламдык согушкер топтор ошол эле саат четке кагып, Индиянын аскерлерин Кашмирден сүрүп чыкмайын, региондогу аскердик операцияларын уланта тургандыктарын билдирди.

XS
SM
MD
LG