Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:39

Премьер-министр Сүлүктүгө барып келди


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы «Сүлүктүкөмүр» акционердик коомуна барып, көмүр кениндеги жагдай менен таанышты. Өкмөт башчы менен кошо экология жана чукул кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев, эмгек жана социалдык коргоо министри Роза Акназарова да Сүлүктүгө барышты. Акыркы жылдарда каражаттын жана тиешелүү жабдуулардын жетишсиздигинен улам Сүлүктүдөгү көмүр кендеринде иш бир топ солгундап кеткен. Буга кошул-ташыл болуп, өткөн жылдын этегинде жүргөн жер көчкүдөн улам көмүр кени убактылуу жабылып калган. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күзөт бөлүмүнүн маалыматына караганда, көмүр кенинин Кызылбулак аймагында жер көчкү жүрүп, иштетүүгө даярдалган көмүрдү басып калган. Кырсык болгон жерде эч ким жабыр тарткан эмес. Азыр көчкү басып калуу коркунучуна кабылган материалдык-техникалык каражаттарды чыгарып кетүүгө аракеттер көрүлүүдө.
Мындай оор абал менен таанышкан өкмөт башчы ишти кайра калыбына келтириш үчүн 5 млн. сом акча бөлүнөөрүн жана шаарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулаарын белгиледи. Андан соң Н. Танаев Лейлек районунда 2 жыл мурдагы селден бузулуп, ушул күнгө дейре оңдолбой турган Исфана-Андырак жолундагы көпүрөнүн абалы менен жеринде таанышты. Ал ушул көпүрөнү быйылдан калтырбай бүтүрүү тууралуу экология жана өзгөчө кырдаалдар министрине көрсөтмө берди. Бул топ андан ары «Инсан», «Лейлек» бейөкмөт уюмдарынын иштери менен таанышты. Премьер-министр баштаган адамдардын иш сапары ушул эле күнү аяктап, алар кечке жуук Бишкекке учуп келишти.

XS
SM
MD
LG