Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

Кыргызстандык атуулдар Кореяда иштемек болушту


БИШКЕК. Январь айынын соңунда кыргызстандык 50 атуул Түштүк Кореяга жумушка жөнөтүлөт. Мындай иш-чараны кыргыз өкмөтүнүн уруксаты менен «Элдорадо» аттуу жеке фирма турмушка ашырууда. Азыр «Элдорадо» фирмасы Түштүк Кореяга барууну каалаган атуулдардын арызын топтоп, керектүү документтерди даярдап жатат. Фирманын кызматкери Анна Линин маалыматына караганда, адегенде 75 атуулдун тиешелүү документтери Түштүк Кореянын Юстиция министрлигине жиберилет. Андан соң ал 75 атуулдун ичинен 50 кишиге Түштүк Кореядан чакыруу келет. Келечекте дагы кыргызстандык 50 атуул Түштүк Кореяга ушундай эле жол менен барат. Бул иш-чара эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн өкмөт аралык келишимдин негизинде ишке ашууда. Анна Линин айтымында, кыргызстандык атуулдар деңизден балык кармоо сыяктуу жумуштарда иштешет.

XS
SM
MD
LG