Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

СУУ-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОНСОРЦИУМ КЫРГЫЗСТАНГА ЭМНЕ БЕРЕТ?


Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстан менен Казакстандын президенттери декабрь айында Астанада жолугушканда эки өлкөнүн экономикалык кызматташуусун андан ары өркүндөтүүгө байланыштуу бир нече келишимге кол коюшканы маалым. Анын ичинде суу-энергетикалык консорциум түзүү маселеси да бар. Президенттер бул маселени жарым жылдын ичинде иштеп чыгуу тууралуу өкмөт башчыларга тапшырма беришкен.

«Кыргызстандын электр станциялары» акционердик коомунун башкы директору Сагынбек Дордоевдин айтымында, бул маселе 6-7 жылдан бери көтөрүлүп келет. Тактап айтканда, андай демилге көбүнчө кошуна өлкөлөрдөн чыгууда.

- Алар «азыркы курулуп бүткөн каскадды ортого коюп, чогуу пайдаланалы» дешет. «Ошого макул болсоңор, биз силерге көмүр, электр энергиясын сатуу үчүн рынок беребиз» деп айтышат, – деди Сагынбек Дордоев. Бирок анын айтымында буга чейин суу-энергетика жаатында биргелешкен ишкана түзүш маселеси сөздөн ары жылган эмес. Анткени эки өлкөнүн позициясы эки башка:

- Биздин позиция - Камбарата ГЭСтерин куруу боюнча консорциум түзүү. Алар болсо “азыркы каскаддардын негизинде түзөлү” дешет. Бирок буга чейин реалдуу сүйлөшүүлөр болгон эмес.

Айтылгандардан көрүнүп тургандай, кошуна өлкөлөр, анын ичинде Казакстан Токтогул суу сактагычын ортого коюп, ошонун негизинде консорциум түзүп, ал аркылуу суу баланстарын чечүү иштерине катышууну, бир сөз менен айтканда, суу боюнча эркиндикке жетүүнү көздөшөт. Бирок суу - Кыргызстандын стратегиялык мүнөзгө ээ болгон жападан жалгыз артыкчылыгы. Андан кыргыздар ажырагысы келишпейт.

- Кошуна мамлекеттер азыр эле бизди теңине албай жатышат. Колубузда бир эле көзүр – суу байлыгы болсо, алар «Кудайдын берген суусун бирге пайлаланыш керек» деген шылтоону айтышат. Эгер суу колдон чыгып кетсе, алар бизге мамлекет катары мамиле кылбай калышы мүмкүн, - дейт белгилүү саясатчы, КДК партиясынын лидери Жыпар Жекшеев.

Сагынбек Дордоевдин айтымында, кыргыз өкмөтү деле суу ресурстарын башкарууну кошуна өлкөлөрдүн колуна өткөрүп бергиси жок:

- Токтогул суу сактагычын эч качан ортого койбойбуз. Менин позициям ушундай. Андай кылууга болбойт.

Казакстан Камбарата ГЭСтерин биргелешип курууга да макул эмес. Өткөн жылы «казак тарап аны курганы жатыптыр» деген маалымат тараган. Камбарата курулса ал жерде 4 млрд. кубометр суу баткан суу сактагыч кошо курулуп, алар өздөрүнүн суу маселесинен бир топ жеңилдемек. Бирок сары эсепке салып эсептей келгенде, аны курууга 1,5 млрд. доллар кетип, ал эми түшкөн пайда аны жакында жаппайт экен. Ошондон бери алар Камбарата ГЭСи жөнүндө сөз кылгылары келишпейт. Бирок, Сагынбек Дордоевдин айтымында, тараптар бир пикирге келип, орток чечим кабыл алса болот.

- Азыр биз карап көрөбүз. Мен деле компромисске жетишсе болобу деп ойлоп жатам, – дейт Сагынбек Дордоев. Анын айтымында, Казакстан Камбарата ГЭСин курууга катышса, эгерде андан түшкөн пайда аларды алымсындырбаса, анын ордун азыркы суу баланстарынын эсебинен теңештирсе болот.

XS
SM
MD
LG