Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

АКШ Ирактын бийликтен кулатылган лидери Саддам Хусейнди «согуш туткуну» деп баалады


Пентагондун өкүлү билдиргендей, буга байланыштуу Саддам Хусейнге эл аралык Женева Конвенциясында каралган согуш туткундарынын бардык укуктары ыйгарылат. Башкача айтканда, Ирактын мурдагы лидери менен Эл аралык кызыл чырым коомунун кызматкерлери жолугушуп, ал өзү тыштан кат-кабар алып тура алат, согуш кылмышкери катары жоопко тартылат. Жума күнү Ирактагы Бакуба калаасында шийилердин мечитинде болгон жардыруудан беш киши мерт болуп, ондогон кишилер жараат алышты. Коалициялык күчтөр Саддам Хусейндин кичи мекени Тикрит шаарында рейд өткөрүп, согушкерлер катары шектелген адамдарды камакка алышты.

XS
SM
MD
LG