Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

ШКУнун улуттук координаторлору Бээжинде жыйын курмак болушту


БИШКЕК. 11-январда Бээжинде Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) улуттук координаторлорунун жыйыны башталат. Ага Кыргызстандын ушул уюмдагы улуттук координатору Асанбек Осмоналиев катышат. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, отурумдун катышуучулары ШКУнун тышкы иштер министрлеринин 15-январда Бээжинде өтмөкчү болгон отурумунда каралуучу маселелерди такташат. Ал эми уюмдун Тышкы иштер министрлер жыйынында ШКУнун катчылыгынын иш планы жана уюмга кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын былтыр май айында Москвада өткөн жолугушуусунда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы талкууланат.

XS
SM
MD
LG